Конордун Серроне менен болчу беттеште канча акча табары белгилүү болду

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Макгрегор Нурмагомедовго утулуп калгандан кийин октагонго чыга элек.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. UFC 246 турниринин алкагында ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык Дональд Серроне менен беттешкенден кийин беш миллион доллар гонорар алат. Бул туурасында Essentially Sports спорттук порталы билдирди.

Ал эми анын атаандашы Серроне эки миллион доллардын ээси болот. Бул анын карьерасындагы эң жогорку гонорар болуп калмакчы.

Эки мушкердин беттеши кийинки жумада, 18-январь күнү, Лас-Вегаста өтөт.

Хабиб Нурмагомедов Макгрегорду атаандаш катары көрбөйт
Белгилей кетсек, Конор россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен октагонго чыккандан кийин үч миллион доллар тапкан. Серроне соңку беттешинде 195 миң доллар алган.

Макгрегор акыркы кармашын 2018-жылы 6-сентябрда өткөрүп, Хабибге утулуп калган. Каршылашы Серроне да акыркы мелдешинде жеңилүү ызасын тарткан болчу. Анда октагонго Жастин Гэтжи менен чыккан.