Радио

Сеитов: "Коопсуз район" долбоору ийгиликтүү иштөөдө

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов. Архив
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында "Коопсуз район" долбоору сынамык иретинде иштеп жатканын айтты.
Sputnik
Сеитов: Коопсуз район долбоору ийгиликтүү иштөөдө
Сеитов: "Коопсуз район" долбоору ийгиликтүү иштөөдө

"Коопсуз шаар" долбоору тууралуу калктын маалыматы бар. Ал эми анын алкагында "Коопсуз район" деген да долбоор киргизилгенин көпчүлүк азырынча биле бербейт. Бул тууралуу Бакыт Сеитов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда иштеп жатат.

"ИИМдин 2019-жылы ишке ашырган ийгиликтүү долбоорлорунун бири — "Коопсуз район". Бул үчүн сынамык иретинде борбор калаадагы 6-кичирайон тандалып алынган. Анткени ушул аймакта баштыктарын жула качкан, автоунаалардын дөңгөлөгүн чечип кеткен кылмыштар көп катталчу. Шаардын аталган бөлүгүндөгү имараттардын баарына видеокамералар орнотулуп, Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн көзөмөлүндө жана 6-кичирайондун өзүнө да инспектор бөлүнүп берилген. Учурда майда кылмыштар кескин төмөндөп, башка иштердин бетин ачууда да "Коопсуз район" долбоорунун көмөгү чоң болууда", — деди Сеитов.

Ал "Коопсуз район" долбоорунун ишке ашуусуна жергиликтүү бийлик да жакшы жардам берип жатканын кошумчалады.