Бишкектин борборунда жаңы тротуар жана веложолдор пайда болот

Жөө жана велосипедчен адамдардын ыңгайы үчүн жаңы жолдор борбор калаанын эң ири делген үч көчөсүндө курулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жаңырган жылда Бишкектин борбордук аймагында веложол жана жөө адамдар басчу тилкелер пайда болот. Бул туурадуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чечим шаар жетекчиси Азиз Суракматовдун ишемби күнкү кызматкерлери менен шаар аралап өткөргөн жыйынында кабыл алынды.

Мэрия Тез жардам кызматына алты автоунаа белек кылды
Чүй проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин узундугу 1,8 чакырымга жеткен тротуар жана веложол курулат.

Жөө адамдар басчу дагы бир тилке Чыңгыз Айтматов/Манас проспектисинде (Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин) пайда болот. Анын узундугу 3,7 чакырым болот.

Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүнө, Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки батыш тарабында, жөө жана велосипедчен адамдар үчүн жол салынат. Ал эми чыгыш тарабына тротуар курулат.

Аталган долбоорлор качан аяктап, колдонууга берилери так айтылган жок.