Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

Дизайнер Айдай Асангулованы салттуу кийимдер тууралуу долбоордун арты менен жакындан тааный баштадым. Жаны тынбаган, кумурскадай эмгекчил адам экен. Жашоого көз карашы да башкача. "Ушу киши менен маек курсам" деп ойлонуп койгом. 
Sputnik

2019-жылдын декабрь айында Асангулова мүчө болгон топ ак калпакты жасоо өнөрү менен кийүү маданиятын ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизди. Бул жаңылыкты шылтоо кылып Асангулованы кепке тарттык. Жасап жаткан жумуштары тууралуу гана эмес, ар кыл темада баарлаштык. Анын ичинде үй-бүлө, жеке турмушу дагы бар.

— Айылда чоңойгон атактуулар менен сүйлөшүп калсак, "ата-энебиз колубузду бош койчу эмес, көрсө аны менен эмгекчилдикке үйрөтүшүптүр" деп көп айтышат. Сиздин эмгекчил, мээнеткеч болушуңузга бала кезиңиздеги тарбия да таасир этсе керек? Дегеле, балалык күндөрүңүз кандай өттү эле?

— "Биз СССРдин балдарыбыз" деп көп жерден айтам. Ата-энем экөө тең мугалим болуп иштегендиктен убактыларынын көбү жумушта өтчү. Бизге эч ким "тигини жаса, муну жаса" деген эмес. Өзүбүз эле баарын айттырбай кылчубуз.

Азыркы балдар менен салыштырмалуу менде эч качан "чарчадым" деген көйгөй болбоптур. Алты жашка чыкканда эгиз сиңдилерим төрөлдү. Ошондон тарта аларды караштым, идиштерин жууп, кийимдерин иреттеп, айтор, аларды кадимкидей эле бакчумун. Атам жалгыз эркек болгондуктан чоң энем менен чогуу турчубуз. Ал кишинин жанына жатып, конокко барып, чачын тарап берип, кийимин иреттеп, иши кылып, аны кароо да менин милдетим болчу. Эч ким "аны кыл, муну кыл" деген жок. Мен эле эмес, советтик балдардын көбү ушундай тарбия менен чоңойду. Айттырбай жасачубуз.

Кызыл-Туу айылынын боз үйчүлөр айылы брендине айлануусуна биздин фонддун эмгеги зор. Бала кезде ар бир үйдө ала кийиз, кийиз жасалчу. Кошуна балдар чогулуп алып бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө барып жүн тытышып, кийиз тебишээр элек. "Ушул жумуштарды бүтүрсөң, ойной бер!" деген биз үчүн мотивация болчу. Ал кезде "Диснейдин" мультфильмдери жаңы чыга баштаган. Аны көрүш үчүн жанталашып жумуштарды бүтүрөсүң. Андан кийин мал тейлеп, кечки тамакты ичип, идиштерди жууп коюп, анан көчө жаңыртып кошунанын балдары менен ойноор элек. Балалык күндөрүмдөн ушул күндөр эсте калыптыр.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

— Канча бир туугансыз?

— Сегиз бир туугандын ортончусумун. Байкелерим менен чүкө ойноп эле чоңойдум. Агам Алыбек чүкө ойногону чыкканда мени жанына алып алчу. Урушчу эмес. Андан улуу байкем "үйгө кир" деп кубалай берчү. Ага болбой эркек балдар менен деле ойноп жүрө берчүмүн.

— Дизайнер болуу бала чагыңыздан бери көксөгөн тилегиңиз беле же башка ой-максаттар бар беле?

Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
— Кичине кезимде эмнегедир дарыгер болгум келчү. Бирок ал кезде медициналык окуу жайга өтүү чындыгында оор эле. Биз мектепти бүткөн жылдары мединститутка акчаң көп болсо гана өтчүсүң. 1995-жыл, ал учурда эл да жөрмөлөп, жаңыдан баса баштаган убагы. Элде кайдан акча. Ошентип кокустан эле Курулуш, транспорт жана архитектура институтуна тапшырып калдым. Негизи дизайнер, сүрөтчү болуу оюмда деле жок болчу. Бирок кыргызда "дээринде бар" деген кеп бар го. Дээримде бар экен, дизайнерлик кесипти андан ары алып кеттим.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

— Дизайнер болушуңузга айылдагы кийиз жасоо, кол өнөрчүлүк деле таасир этсе керек. Сизде дизайнерликтин данеги бар болчу да.

— Балким. Жогоруда айтып кеткендей, биздин учурда "үйрөн" деген эч ким болгон жок да. Өзүбүз эле жардамдашып, жасаша берчүбүз. Биз жашаган Кызыл-Туу айылында жалаң "Кыялдын" боз үйлөрү жасалчу. "Кыял" бирикмесинде иштеген апалар боз үйдүн керектүү жабдууларын жасайт. Биз аларга көмөктөшөбүз. Ошентип жүрүп өзүбүздөн өзүбүз эле ошол дүйнөгө аралашып калдык.

— Кызыл-Туунун тарыхы да кызык. Эмне себептен боз үй жасагандардын мекени аталып калды эле?

— "Кыял" бирикмесинин боз үй жасаган бөлүгү биздин айылда жайгашкан. Ал айылда "Кыялдын" боз үй боюнча ишин башкарган Жумамүдүн деген ата иштечү. Чоң энем, анын сиңдиси, кыздары "Кыялдын" уздары болчу. Атам да кийин уздарга жумуш берип, жетектеп, боз үй боюнча иштеп калды. Кызыл-Туу боз үй жасаса, коңшу айылдар терме согуп, чий чырмачу. Ошол себептен кол өнөрчүлөр өнүккөн. Боз үй жасоо үчүн Кызыл-Туу айылын тандап алганы да бекеринен эмес. Башында бир уста ата болуптур. Анын тамыры жайылып, ошондон биздин айылда боз үй жасоо өнүгүп кеткен. Тээ илгери түптөлгөн нерсенин эл азыркыга чейин пайдасын алып, үзүрүн көрүп жатат.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

— Кийиз менен көп иштептирсиз. Кийинчерээк салттуу кийимдердин жайылышына жан үрөп, болгон күчүңүздү жумшап жүрөсүз?

— Окууну аяктап дипломдук ишиме келгенде кайсы теманы аларымды билбей кыйналдым. Же сүрөттү укмуш тарта албайм. Анан кийиз менен жука шифонду дипломдук ишиме тандап алдым. Ага дипломдук жетекчим чоң багыт берди. Атаман "кийиз алып келип бериңиз" десем айылдан колго жасалган, фабрикада чыгарылган кийиздерди көтөрүп келиптир. Бирок алары аябай калың болчу. Кийимге ылайыктуусу жок. Ошондо "Кийиз эмнеге жука эмес?" деген суроо туулган. Дипломдук ишим менен Өзбекстанга чейин барып көргөзмөлөргө катышып келгем.

Кыргызстанда "Кыргыз стиль" деген коомдук фонд бар эле. Абдан абройлуу жумуштарды аткарчу, алар менен студент кезимен эле байланышып иш алып барып турчумун. Окуумду бүтөрүм менен ага дизайнер болуп орношуп, көп нерсени ошол жактан көрдүм. Бир жыл бул фонддо иштегенден кийин өзүнчө иштөөнү чечтим, эски саймаларды реставрация кылып иш баштадым. Ара чолодо жүндөн баштыкча, отургучтарды жасап жүрдүм. Кийин сайма менен да иштедим. Сумка, кошелек жасадым. Көбүнчө кол сайма менен үлгүлөрдү жасадым, ал үлгүлөрдү азыр да көрүп калам. Мени менен иштеген студент сиңдилерим сабактан кийин келип жардам беришет. Ошентип жүрүп багымды бир аппак, тоголок жүн ачты.

— Эмне болгон жүн?

Биле жүрөлү! Боз үйдү туура тигүүнү үйрөткөн видео
— Атам "Кыял" бирикмесинде эмгектенчү. Мен да анын жанында иштеп калдым. Бир күнү атам жумушка тоголок аппак жүн алып келди. "Ушундай дагы аппак жүн болобу?" деп таң калдым. Анткени мен ага чейин көргөн жүндүн баары биз бала чакта тыткан, ала кийизге салган бозомтук болчу. Муштумдай болгон жүндү алдым дагы, баягы студент кезимдеги суроомо жооп издеп, андан бет аарчы сыяктуу жука кийиз жасадым. Ошондон баштап мага укмуш идеялар келе баштады, жука кийизден ар түрдүү буюмдарды даярдай баштадым. Баягы жасаган жука кийизимди "Тумар" арт-салонунун жетекчиси Чынар эжеге көрсөтөм, "Бизде да ушундай кийиз жасалабы?" деп таң калган. Ал кишинин кеп-кеңеши менен 2003-жылы "Тумар" салонунда шарф, паннолордун көргөзмөсүн өткөрдүк. Анда жашпыз, жүрөк курч. Көргөзмөнү тобокелдикке салып, карызга акча алып туруп уюштурганбыз. Ата-энем, айрыкча атам "эми кандай болот" деп аябай сарсанаа болгон. Бирок тилек орундалды. Үч ай даярдаган кийимдер үч күндө сатылып кетти. Ошондон баштап заманбап кыргыз кийизин чыгарып иштеп баштадык. Алар "Тумар" салонунда гана сатылчу. Кызыккандар аябай көп болду. Мага алгач жолуккандардын ыйлап жибергендери да болгон. Айтор, оомат келди. Кардарлар көбөйүп, студиябызда 30-40тай адам эмгектенди.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

— "Кийиз дүйнө" коомдук фонду ошондо түптөлдү беле?

— Моюн орогучтун жүздөн ашык түрүн жасоого жетиштик, жасоо ыкмасын улам өзгөртүп отуруп Кыргызпатентке ойлоп табуучулук бөлүмүнө патенттеп да койдук. Ошентип биздин кардарлар катарына көптөгөн фонддор да кире баштады. Таалим Форум" коомдук фондунун чакыруусу менен Ак-Талаа районунун Жаңы Тилек айылына барып окуучу комузчулар тобуна кийим тигүүнү жетектеп калдым. Ошол жерден биз чыгарган Кийиз моюн орогучтарды мурдатан билген фонддун өкүлдөрү менен тааныштым. Менин кийим тигүү семинарымды абдан кызыктуу, жемиштүү өткөрүп жатканыма күбө болгон фонддун чоңу менин жашоомдо эң маанилүү суроо узатты: "Кандай кыялыңыз бар? " — деди. Бул суроого жооп айылыма пайда алып келсем экен деп оюмда жүргөн 2012-2013-жылдары өткөн "Кийиз Дүйнө" фестивалы болду.

"Кийиз дүйнө коомдук фонду" 2010-жылы " Миң кыял" деген ат менен түзүлүп, биринчи долбоорунун үстүндө иштеп баштады. Бара-бара фонд "Кийиз Дүйнө" деп эл тааныгандыктан 2018-жылы фонддун атын " Кийиз Дүйнө" деп өзгөртүк. Эргүү берген аталыштын пайда болуусуна мага көп жардам берген Периште жана кеңешин берген Мирхамид инимдин салымы чоң.

— Моюн орогучтар менен жакшы иш баштадым деп айтып кетпедиңизби. Ишти ошол бойдон таштап салдыңызбы? Өзүңүздү ишкер айым деп эсептейсизби?

— Жок, ишкер эмесмин. Ишкер болсом, баскан-турганымды жарнамалап жүрмөкмүн. Коомдук фонд түзгөндөн кийин эл аралап кеттим. Көп айылды кыдырдым. Азыр кийиз менен баштаган иш уланып жатат, бирок студиябызда алты киши эле иштейт. Өзгөчө, эксклюзив, буюмдарды гана тапшырыкка жасап иштешет. Акча табуу экинчи орунда турат.

— Сизди тааныгандар мурда башкача адам болчу деп айтышат...

— Жаш кезде баарын көрдүм. Итим чөп жеген учур болду. Бирок акыркы үлгүдөгү автоунаа алып, норка шуба кийип, алтынды жайнатып тагынган жокмун. Антпейм дагы. Кезинде дос кыздар менен эс алдым, унаадан-унаа алмаштырдым. Турмушка чыкканга чейин башыман бардык нерсе өттү. Жумуштап, эс алып бир топ эле чет мамлекетти кыдырдым. Кыргыз кийизин заманбап кылып жасоо боюнча көп адамга багыт бердик. Моюн орогучтарды кантип жасап, аны кантип соода борборлорго тапшырыш керек экенин менден көп эле адам үйрөндү. Бирок турмушка чыгып балалуу болгондон кийин көз караш өзгөрөт экен. Мен да өзгөрдүм. Мурда мени таанып-билгендер азыр көрүп калса чындап эле таң калышат. "Токтолуптурсуң" деп көп айтышат.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

— Азыр дүйнө бир ордунда турбайт эмеспи. Жаңыланып турбасаң эле артта каласың. Кесип өзгөртүү оюңузга келген эмес беле?

— Кандай кесип болбосун мен иштеп кетмекмин. Кесипке болгон көз карашты өзгөртөйүн деп режиссердун мастер-классына да катышкам, анда-санда тигүү цехтерге барып кийим таңгактап да калам. Азыр өзүн таба албай жүргөн жаштар көп. Менде андай болгон жок. Азыр өзүм алектенип жаткан жумушумду аябай жакшы көрөм. Андан эргүү, дем-күч  алам. Күнү-түнү иштесем да чарчабайм. Сүйгөн кесиби менен алектенсе, адам өзүн тапкан болот деп ойлойм.

— Эмнеден таасир, мотивация аласыз?

— Мотивацияны мен элден алам. Аны мага менин жан дүйнөмдү, мисалы, нукура нерселерди жандандыруу темасын түшүнгөн адамдар, сенден бир нерсе күткөн адамдар берет.

— Качан көрсөк жаныңыз тынбай, жандалбастап "китеп чыгарам, аны-муну кылышым керек" деп чуркап жүргөнүңүздү көрөбүз. Маданият үчүн көп салым кошуп келе жатасыз. Мына акыркы жолу эле ак калпак жасоо ыкмасын ЮНЕСКОнун материалдык эмес тизмесине киргизүүгө да салым коштуңуз. Бул нерсени Маданият министрлиги көмүскөдө калтырып койбогон чыгар. Мамлекеттен кандай сыйлык алдыңыз эле?

Токуган килемибиз 200 миң сомго сатылып, эмирге тартууланган. Ишкер Бекова менен маек
— Эч кимден эч нерсе үмүт этпейм. Бирок бир кезде Маданият министрлигине: "Бизге окшогон коомдук фонддор көп. Аларга бир эле мактоо барагы жетет. Алар министрлик кылбаган иштерди кылып жатышат. Биз иштей беребиз. Жөн иштебей мамлекетке салык төлөп иштейбиз", - деп тамалашап айткан элем. Маданият министрлиги туризм күнүндө ыраазычылык барагын берген. Мына 2019-жылдын этегинде  дагы бир сыйлык алдык. Эмгекти бааласа, ыраазы эле болосуң. 2012-жылы кийиз менен иштеп, итим чөп жеп жүргөн кезде "Замандаш" партиясы сыйлоо аземине чакырды. Анда маркум Муктар Өмүракуновдун көзү тирүү. Мага "Көөнөрбөс казына" деген номинация берген. Ошондо аябай ыраазы болгонбуз.

Айрым адамдар мамлекет, президент кылбаган ишти кылат. Аларга ыраазы болуп, ичиң жылып калат. Андай адамдын колунан чай ичип, "азаматсың" деген сөздү угуу чоң бакыт. Фондго келген апалардын алкыш сөзү, батасы эле жетет. Ошо мага көбүрөөк дем, күч берет.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

— Жеке жашооңуз да кызык. Каршы болбосоңуз жеке турмушуңуз тууралуу да азыноолак айтып бересиз?

— Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Эки балалуу болгондон кийин, тилекке каршы, ажырашып кеттик. Бир уул, бир кызым бар. Балдарымдын атасы азыр өзүнчө бүлө куруп кеткен. 

— Балдарыңызды тарбиялоодо кандай ыкма колдоносуз?

— Балдарым атасыз өсүп жатат. Атасы деле келип балдары менен сүйлөшүп коеюн деп ойлобойт. Тилекке каршы, мындай аталар көп. Бул социалдык проблема.

Биз бала кезде "өткөөл курак" деген эмне экенин билбей чоңоюптурбуз. Азыркы замандын балдары такыр башкача.

Балдарым менен колдон келишинче дос болгонго аракет кылам. Өздөрү жакшы көргөн спорттун түрүнө барышат. Кымбат болсо дагы билим сапатын жакшы берген мектепке киргизгем. Айтор, өзүмө бир нерсе албасам да балдарымдын билимине инвестиция кылып жатам. Эркек баламды тарбиялоодо кээде досторум жардам берет. Келдибек деген аяшым бар. Кээде уулум Акай башкача болуп калганда: "Келдибек, Акайга аталык мээрим төгүп, тарбиялап койчу", - деп айтам.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

— Жашоодо өкүнгөн учурларыңыз болду беле. Убакытты артка бир жолу кайтарса эмнени өзгөртөт элеңиз?

— Жеке жашоомдо эч кандай деле өзгөртүү кылмак эмесмин. Балдарымдын атасына жолугуп, андан балалуу болгонума ыраазымын. Жашоомду аларсыз элестете албайм. Быйыл бир нерсеге өкүндүм, тилимди тиштедим. Эгер убакытты артка дагы бир жолу жылдырса, бизде ыктыярчы болуп иштеп кеткен төкмө акын Акжолтой Канат уулун аман алып калмакмын. Билесизби, буга чейин убакытты кайра артка жылдыруу тууралуу такыр ойлонгон эмесмин. Акжолтойдун өлүмүнөн кийин көпкө чейин жаман болуп жүрдүм. Жаштардын өтүп кеткени өкүндүрөт, жан кейитет. Ал бала каза болгондо мен Кыргызстанда болбой калып, тажиясына бара албай калдым. Ичтеги букту көптөн бери чыгара албай жүрөм. Мындай жаштар кыргыз эли үчүн канчалаган эмгектерди жасамак (жашып)...

— Маанайыңызды түшүргөн суроо бергеним үчүн кечирим сурайм. Эми алдыдагы пландарыңыз тууралуу айтып бериңизчи?

— Биздин долбоорлор буга чейин ар ким тарабынан каржыланып келген. Эми каржыланбайт. Мындан улам алдыдагы пландарыбыз фонддун баштаган ишин таштап салбай, андан ары өнүктүрүү болмокчу. Дайыма эле бирөөдөн акча да сурай албайсың. Эми өз оокатыбызды өзүбүз кылып кетели деп жаңы бренддерди түзүп, аракет кылып жатабыз. Анан буга чейин аспирантурага тапшырып койгом. Ошол ишке кайра отуруп, диссертациямды жактап, тил үйрөнөйүн деген пландар бар. Анткени чет мамлекеттерге барганда тилден аксайм.