Зомбулукка кабылган аялдар кайда кайрылса болот? Дарек, телефондор

Кыргызстанда жыл жаңырары менен эки келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумуп, дагы бир аялды жолдошу өрттөөгө аракет кылган. Премьер үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү карап жаткан топтун ишин ылдамдатууну тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги зордук-зомбулукка кабылган аялдарды кабыл алчу өлкөдөгү кризистик борборлорду дарек, телефондору менен жарыялады.

Зомбулукка кабылган аялдар кайда кайрылса болот? Дарек, телефондор

Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
Эске салсак, жаңы жылда Баткен шаарында 31 жаштагы келин ур-токмоктон каза тапкан. Кийинчерээк Кочкордо дагы 37 жаштагы келиндин киши колдуу болгону ачыкталды. Эки учурда тең шектүү катары келиндердин жолдоштору кармалган. Ал эми 9-январь күнү Каракол шаарында жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү колго түштү.

Болуп өткөн окуялардан улам, министрлик Кыргызстандын шаар, аймактарында иштеген бардык борборлордун даректерин тизмектеп кеткен. Тизмеде аялдарга колдоо көрсөткөн борборлордун даректери, телефондору көрсөтүлдү.