Өкмөт аппаратынын кызматкери Скобеевдин баш коргоо чарасы узартылды

Аткаминер былтыр, сентябрда, такталбаган маалымат боюнча коррупцияга шектелип кармалган. Ал тергөө менен кызматташууга макулдугун берген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өкмөттүн аппаратынын кызматкери Егор Скобеевдин баш коргоо чарасы узартылганын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

ИИМ Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөсүн аяктады
Ага ылайык, Скобеев 17-мартка чейин үй камагында болот. Анын буга чейин тергөө менен кызматташууга макулдугун бергени маалымдалган.

Аткаминер былтыр, сентябрда, камакка алынган. Такталбаган маалымат боюнча ал коррупцияга шектелип жатат.

Өкмөттүн берген маалыматында Скобеев аппараттагы бөлүмдөрдүн биринде эксперт катары эмгектенип келгендиги айтылган. Ага чейин, 2011-жылдары, коопсуздук, укук тартиби жана коргонууну камсыздоо бөлүмүн жетектеген.