БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар үчүн кийим тигүүгө сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган муфтияттан билдиришти.
Ага ылайык, арыздар үстүбүздөгү жылдын 27-январына чейин кабыл алынат. Конкурс 30-январда муфтияттын имаратында саат 09:00дө өткөрүлөт.
Талаптары:
- Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арыз;
- Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынын көчүрмөлөрү;
- Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
- Салык жана Соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
- Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
- Реквизиттер;
- УРШнын мүчөлөрүнө ажылык сапарында кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсүн конкурска көрсөтүү.
Эске сала кетсек, Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген.