Иран Украинанын учагын кандайча атып алганын түшүндүрдү

Асман чабуулунан коргонуу системасынын кызматкери командир менен байланышы үзүлүп калгандыктан өз алдынча чечим кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ирандын асман чабуулунан коргонуу (АЧК) системасы Украинанын учагын АКШнын канаттуу ракетасы деп жаңылып атып алган. Бул туурасында Ислам революциясын коргоочулар корпусунун аскер-космостук күчтөрү боюнча командири Амир Али Хаджизаде маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, учак менен ортодогу аралык 19 чакырым болгон. АЧК системасынын оператору командири менен байланышы үзүлүп калгандыктан өз алдынча чечим кабыл алууга туура келген. Анын лайнерди атуу же атпоо чечимин кабыл алууга 10 гана секунду болгон.

Иран президенти Роухани: украиналык учакты атып алганыбызга өкүнүп турабыз
Ошол эле учурда командир Хаджизаде Ирактагы Американын базасына сокку уруу учурунда аба кыймылын убактылуу токтотуу боюнча эскертүү берилгенин, бирок бул талап аткарылбаганын белгилеген.

Мындан тышкары, Хаджизаде Ирандын жарандык авиация жетекчилиги Boeing атып түшүрүлгөнүн эмне себептен алгач моюндабаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, Башкы штаб учактын кыйрашынын себеби тууралуу ошол эле күнү маалымат алган, бирок авиация кызматына кабарлаган эмес.

Кол башчы ИРКК окуяга толук жоопкерчилик аларын белгилеп, күнөөлүүлөр жазаланарын айткан.

Эске салсак, бүгүн, 11-январда, Иран Украина учагын кокусунан атып түшүрүп алганын мойнуна алды. Украина президенти Владимир Зеленский бул боюнча жооп кайтарып, өз талаптарын койду.

Тегеранда кулаган учак

2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Кулаган Boeing: Зеленский Ирандын учак боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды
Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Учактын кулашына эмне себеп болгону айтылган алгачкы жыйынтык чыккандыгын Ирандын жарандык авиациясынан билдиришкен. Лайнер абада эле өрттөнүп баштаган.

Кырсыктан эки күндөн кийин Улуу Британия менен Канада премьерлери — Борис Жонсон жана Жастин Трюдо кулаган украиналык учакты зениттик ракеталар атып түшүрүшү мүмкүн деген билдирүү жасаган.