ИИМ Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөсүн аяктады

14 адам расмий түрдө шектүү деп саналды. Алар бийликти күч менен басып алууга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет жасоого жана башка кылмыштарга айыпталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөсүн аягына чыгарды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бийликти күч менен басып алуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык башаламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча иш алып барышкан. Натыйжада 14 киши шектүү катары саналып, кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу башталган.

Атамбаевге тиешеси жок мүлктөр камактан чыгарылды
Ал эми калган шектүүлөр боюнча өзүнчө иликтөө жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин министрлик Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна түз көрсөтмө бергенин маалымдаган.

Атамбаев суракка баруудан баш тартып койгондуктан, былтыр, 7-августта, аны кармоо боюнча операция уюштурулуп, УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү анын Кой-Таштагы үйүнө барган. Бирок мурунку президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Атамбаев анын эртеси гана багынып берген.

Мурунку президент УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, бир топ тарапташы да кармалган.

Кой-Таш окуясынан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.