Мындай каргашалар көптөгөн кыргызстандыктардын ачуусун келтирбей койгон жок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов да бул маселеге кайрылды.
Аялзатына карата күч колдонуп, аларды мыкаачылык менен сабаган кылмыштарга кайрылуудан мурда өзүмдүн башыман өткөн бир окуяны баяндагым келди.
Алыстан жолдун боюнда унаа токтоп турганын, айдоо жерде үч адамдын кубалашып жүргөнүн көргөм. 100-120 метрдей алыстыктан аларга сүр көрсөтөйүн деп катуу кыйкырып, ышкырып, колума таш алып алдым. Жакындаган сайын жүрөк түшүп, кантип чабуул жасап, баштыкты каякка ыргытып, абал курчуп баратса жакынкы кайсы үйгө качып барып кошумча жардам чакырсам деп келе жаттым. Анткени калк жашабаган жерде төртөөбүздөн башка бир да жан жок эле.
Мени менен калган эркек сөрөйдүн айтымында, жубайлар тойдон катуу майрамдап келип, үйдөн уруша кеткен. Ошондо эргул сөзгө келбеген аялын талаага алып чыгып сабап, соолуктуруп, анан кайра үйгө алып келип жаткырып коймокчу болгон экен.
Мындан сырткары, ал келинчегин айкыртып сабап, кичине эсине келтирип коюу үй-бүлөлүк иш экендигин айтып, милиция кызматкерлерине кайрылбоону суранды. Ошондо ал адамдын көзүнөн мен алсыздыкты байкадым, колунан эч нерсе келбей, өзүнүн аялына сөзү өтпөй калган "эркек" койнундагы жубайын сабай баштайт экен. Мас неме жубайынын талуу жерине катуу уруп алса, балким, окуя каргаша менен аяктамактыр. Кыскасы, анын баамында аялды ур-тепкиге алып ордуна коюп койсо эле болот экен. Ал эми кызынын атасына көмөктөшкөнү кайдыгерликтин, акмакчылыктын жеткен чеги эмеспи.
Мен жардам сурап жаткан келинди көргөндө эле 102 кызматына чалып, окуяны, автоунаанын номерин айткан элем. Тиги эркек сөрөй экөөбүз талаада эрди-катындай катуу урушуп, мен анын аялынын таламын талашып, бири-бирибизге тап берип кубалашып бир сааттай жүрдүк. Бул убакыт аралыгында бир да милиция кызматкери ал жакка басып келген жок. Мындан улам бирөөнү талаада катуу сабап, ошол жерге көмүп салса деле биздин погончондор келбей тургандыгына көзүм жетти.
Кыскасы, коомдогу жанды кейиткен акыркы күндөрдөгү каргашаларга баарыбыз күнөөлүү экенбиз. Келин-уул, кыз-күйөө, аял-эркек, ата-эне, куда-кудагый, кошуна-колоң, жергиликтүү бийлик, журналисттер жана чоң жоопкерчилик жүктөлгөн погончондор дагы. Анткени алсыз жандын кордолуп жатканын күн сайын көрүп, аны токтотмок түгүл, чогуу жашырып жатабыз. Кайдыгербиз... Анын кесепетинен канчалаган адам өз кызынан айрылып, кичинекей чүрпөлөр энесиз калууда...