Өрттөнгөн, ис урган, жабыркаган жаныбарлар. Австралиядагы алааматтын 18 сүрөтү

Sputnik

Куйкаланган жаныбарлар, сел сымал жалын. Австралиядагы өрттүн видеосу
Сидней университетинин илим факультетинин отчётуна таянсак, 2019-жылдагы өрттөн миллиарддан ашык жан-жаныбар өлгөн. Эң көп жабыркаган Жаңы Түштүк Уэльс штаты деп айтылды. Алар канаттуулар, кенгурулар, коалалар жана ири жаныбарлар эле.

Кээ бир жерлерди түтүн ушунчалык коюу каптагандыктан, асмандан суу чачып өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Жабырланган райондорго бийлик аскер деңиз күчтөрүнүн кемелери менен авиация техникаларын жиберген.

Австралиядагы өрттүн кесепеттери кандай болгондугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.

1 / 18
Бул жанынан караган адамга алааматтын дал өзү. Билпин шаарына кол сунса жеткидей жердеги көрүнүш
2 / 18
Куткарылган коала. Акыркы маалыматтарга караганда. бул жаныбарлардын 8 000и өрттөн өлгөн
3 / 18
Өрт талаасында калган кенгурунун качып бара жаткан учуру
4 / 18
Австралиядагы Порт-Маккуори шаары. Куткарылган коала процедура учурунда
5 / 18
Кенгуру аралындагы уйлар. Алардан алыс эмес жерде жалындап, шатырап күйүп жаткан өрттү көрүүгө болот
6 / 18
Күйүп жаткан аймак космостон ушундай көрүнөт
7 / 18
Австралиянын кээ бир аймактарында түтүндөн улам дем алуу кыйынга тургандыктан, эл бет кап кийип жүрүүгө аргасыз
8 / 18
Бул кинонун же көркөм чыгарманын сүрөтү эмес, кадимки көрүнүш. Австралиядагы өрт Тынч океандан өтүп, Бразилияга чейин жетти
9 / 18
Качып кеткен ит күйүп кеткен үйүнө кайтып келген
10 / 18
Жапжашыл жерлер ушинтип карарган аймакка айланган. Австралиянын түштүк-чыгышында токойдогу жалын менен күрөшүүгө 3 миңге чукул өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Тилсиз жоодон аман калган койлордун сүрөтү
11 / 18
Бул жаныбардын ажалы жок экен. Куткарылган опоссумга коомдук уюмдун ыктыярчылары кам көрүп, тамак-ашын берди
12 / 18
Адам камкордугуна алынган ит. Жаңы Түштүк Уэльс штатында чукул кырдаал тартиби киргизилди
13 / 18
Кээ бир жерлерде түтүн ушунчалык коюу болгондуктан, асмандан суу чачып өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес
14 / 18
Өрттөн өлгөн кенгуру
15 / 18
Учурда аталган аймакта 136 ар кыл өрт чыкканы катталган. Алардын 69ун чектөөгө алууга мүмкүн болгон эмес
16 / 18
Кенгуру аралындагы Флиндерс-Чейз паркынын азыркы абалы. Тилсиз жоо аталган аймактагы 4 400 чарчы чакырым жердеги токойду жок кылган.
17 / 18
Жабырланган райондорго бийлик аскер деңиз күчтөрүнүн кемелери менен авиация техникаларын жиберген
18 / 18
Акыркы маалыматтарга караганда, өрт миллиарддан ашык жандыктарды жалмап кеткен.