ЖМК: Австралияда немец футболчусу акулаларга жем болду

21 жаштагы спортчу аскалуу жээкте сейилдеп жүргөндө тайгаланып кетип сууга кулаган. Достору ага жардам берүүгө аракет кылганы менен суунун агымы бат эле тартып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Австралияда деңизге кулап кеткен германиялык футболчуну акулалар жеп кетти. Бул тууралуу Sputnik радиосу жазды.

Суучул кыздын 6 метрлик жырткыч менен сүзүп жүргөнү интернетти жарды. Видео
Окуя январдын башында болгон. Американын "Гастинг Бронкос" футболдук клубунун оюнчусу Эрик Биригитти достору менен эс алып жүргөн.

21 жаштагы спортчу бийик аскалуу жээкте сейилдеп жүргөндө кокусунан тайгаланып кетип сууга кулаган. Достору ага жардам берүүгө аракет кылганы менен агым аны бат эле тартып кеткен. Окуя болгон жерге куткаруу кызматтары чакырылган.

Маалыматка ылайык, футболчунун сөөгүнүн калдыктары ошол эле күнү табылган. Ага акулалар кол салганы болжолдонууда.