Ак жарык. Алтайда балалуу эненин жол акысын төлөгөн өспүрүм миллионер болду

Блогер аял балага жардам берүүнү чечип, Instagram баракчасында акция жарыялап, ага акча чогулта баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Россиянын Алтай аймагында балалуу эненин жол киресин төлөп койгон өспүрүм 1,5 миллион рубль алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Окуя Камень-на-Оби шаарында болгон.

"Блогер Наталья Мишина аталган шаарга барат. Автобуста анын баласы ыйлап, эркелегендиктен алаксып жатып, жол киресин төлөй албай калган. Билетке эми гана камына баштаганда, анын ордуна башка бирөө төлөп койгонун көргөн", — деп жазылат маалыматта.

Блогер аялга билетти жетинчи класстын окуучусу алып койгонун Мишина Instagram баракчасына жазган.

Өспүрүм анын үй-бүлөсүндө бири-бирине кам көрүү адатка айланып калгандыктан, бейтааныш аялга жардам бергенин айткан. Жолду катар сүйлөшүп баратып блогер башка бирөөгө кол сунган өспүрүмдү жалгыз бой аял тарбиялай турганын билген.

"Атасы жок экен. Үйүн оңдоп-түзөөнү баштап, бирок акчалары жетпей жатыптыр", — деп жазган Мишина.

Лотереядан 12 млн. доллар уткан киши итке минип калды
Мишинанын жазганына караганда, окуучу сүрөт тартканды жакшы көрөт. Бирок шарттын жоктугунан сүрөтчүлөр мектебинде окуй албай турганын айткан.

Блогер аял балага жардам берүүнү чечип, Instagram баракчасында акция жарыялап, ага акча чогулта баштаган. Бир суткада акцияга эки миңден ашык адам катышып, 1,5 миллион рубль топтолгон.

Наталья чогулган акчаны алып, өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө барган. Баланын энеси ал акчага уулуна Барнаулдан же Новосибирскиден батир алып берерин айткан.