Чек ара чыры: Айдарбеков тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүп, элчисин чакырды

Министр тажикстандыктардын кыргыз тарапка ок чыгарып, автоунааларын ташка алып талкалаганына тынчсыздануусун билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Айдарбеков тажикстандыктардын кыргыз тарапка ок чыгарып, автоунааларын ташка алып талкалаганына тынчсыздануусун билдирген.

Мындан сырткары, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Акыркы маалымат
Эскерте кетсек, бүгүн түнкү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш аткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.