Тирүүлөй өрттөнүп кетишти. Ташкенттеги үрөй учурган автокырсыктын видеосу

Интернетте жүрөк үшүн алган жол кырсыктын видеосу пайда болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки унаанын бирин аял киши башкарып бара жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ташкентте үрөй учурган жол кырсыгы катталып, адамдар тирүүлөй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Uz24 басылмасына таянып, Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Окуя 9-январдан 10-январга караган түнү болгон.

"Эл достугу проспектисинде BMW жана Gentra үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткен. Автоунаанын ичиндеги адамдар сыртка чыга албай калып, тирүүлөй өрттөнүп кетишкен", — деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки унаанын бирин аял киши башкарып бара жаткан.

Интернетте жүрөк үшүн алган жол кырсыктын видеосу пайда болду.