БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Абылгазиев окуянын чыңалышына жол бербөө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды.
"Өкмөт башчы кырдаалды тез арада жөнгө салуyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүү тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта.
Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө зарылдыгын белгилеген.
Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш аткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.
Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.