TESS космостук телескобу Жердин көлөмүндөй болгон, жашоого ыңгайлуу болушу ыктымал деген биринчи планетаны тапты.
Планета TOI 700 d деп аталат. Ага жетиш үчүн 100 жылдай убакыт кетет. Көлөмү Жерден 20 пайызга чоңураак.
Окумуштуулар планетага спутник аркылуу 11 ай бою көз салышкан. Бул убакыт аралыгында планетадан бир дагы ирет вулкандын атылышы сыяктуу көрүнүштөр байкалган эмес. Бул нерсе анын үстү жашоого ыңгайлуу болушу ыктымал деген божомолду күчөтүүдө.
Бирок NASA адистеринин айтымында, бул планета жылдыздарга бир тарабы менен гана карап тургандыктан "жашоого ыңгайлуу" деген гипотеза шек жаратууда. Себеби анын мындай жайгашуусу температураны жогорулатып, атмосферадагы шамалдын багытына таасир этет.
Белгилей кетсек, TESS телескобу Жердин көлөмүндөй болгон планеталарды издөө үчүн даярдалган.