Путин менен Эрдоган Ливиянын эгемендүүлүгүн сактап калууга чакырышты

Ливия лидери Муаммар Каддафинин бийлиги кулап жана ал өлтүрүлгөн 2011-жылдан бери өлкө мамлекеттик бүтүндүгүнөн ажыраган. Учурда эки бийлик өкүм сүрүп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. – Sputnik. Россия жана Түркия лидерлери Ливиянын аймактык бүтүндүгүн сактап калуу керек деп эсептейт. Бул туурасында Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.

"Биз Ливиянын эгемендүүлүгүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгү менен улуттук биримдигин сакталып калуу керек деген пикирди бекем карманабыз", — деп жазылган билдирүүнүн текстинде.

Триполи өкмөтү буга чейин маршал Халифа Хафтар Ливиянын борборуна кирип келгенден кийин Түркиядан жардам сураган. Анда кеп чабуулду артка кайтаруу үчүн "абадан, жерден жана суудан" берилүүчү жардам жаатында жүргөн.

Түркия Сириядагы операциясын токтотконун жарыялады. Окуянын өнүгүшү кандай болду
Ал эми Түркия парламенти 2-январда көпчүлүк добуш менен түркиялык аскерлерди Ливияга жиберүүнү чечкен. Араб өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Түркиянын ливиялык чыр-чатакка киришүүсүнө каршы экендигин билдиришкен.

Ливия лидери Муаммар Каддафинин бийлиги кулап жана ал өлтүрүлгөн 2011-жылдан бери өлкө мамлекеттик бүтүндүгүнөн ажыраган. Учурда Ливияда эки бийлик өкүм сүрүп келет.

Чыгышында эл шайлаган парламент, ал эми батышында — баш калаа Триполиде БУУ, Евробиримдиктин колдоосу менен түзүлгөн улуттук биримдиктин өкмөтү иштейт. Аны Файез Мустафа ас-Сараж жетектейт.

Өлкөнүн чыгыш тарабы Триполиге баш ийбей өз алдынча иш жүргүзүп, Хафтарга баш ийген Ливиянын улуттук армиясы менен кызматташат.