Ошто Ак-Бууранын жээги бекемделип, көрктөндүрүлмөй болду. Сүрөт

Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо адамдар жүрүүчү жол, веложол, түнкү жарыктандыруу, көпүрө жана эс алуучу жайлар каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер тилкелерин тактоо жана куруу иштери боюнча жыйын өттү. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.

Жыйында вице-мэр Жасур Азимов жумушчу топтун маалыматтарын угуп, мэрдин койгон тапшырмалары боюнча айткан. 

Ошто Ак-Бууранын жээги бекемделип, көрктөндүрүлмөй болду. Сүрөт

Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймагынын узундугу 5400 метрди түзөт. Биринчи этабында 1300 метр, экинчи этабында 1600, үчүнчү этабында 2500 метри оңдолот.

"Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо тротуарлар, веложол, түнкү жарыктандыруу, көпүрө жана эс алуучу жайлар каралган. Биринчи кезекте дарыянын жээги таштар менен бекемделет", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын жээгин кыдырып чыгып, көрктөндүрүү, оңдоо жана мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тапшырмаларды берген.