Радио

Чочунбаева: фестивалдын негизги катышуучулары — элеттик кол өнөрчүлөр

"Оймо" фестивалынын башкы директору, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча серепчи Динара Чочунбаева "Оймо — кыш 2020" фестивалы биринчи ирет Караколдо жашоочулардын өтүнүчү менен өтүп жатканын айтты.
Sputnik
Чочунбаева: фестивалдын негизги катышуучулары — элеттик кол өнөрчүлөр

Быйыл фестиваль алгачкы жолу кышында өтүп жатса, ал эми жайында 15-ирет өтөт. Бул тууралуу Динара Чочунбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жүн, боек, баары табигый болгону менен кыргызстандык кол өнөрчүлөр ошол нерсени толук пайдаланууну билбей жатышат.

"Оймо" фестивалын биз 2006-жылдан бери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында өткөрүп келебиз. Бул фестиваль кыргыздын улуттук маданий баалуулуктарын сактоо, аны өнүктүрүү жана элге жаюу максатын көздөйт. "Оймо" фестивалы жыл сайын жайында, төрт күн Бишкекте, алты күн Ысык-Көлдө өткөрүлүп келет. Иш-чарага Индия, Пакистан, Монголия, Венгрия, Америка, Россиядан кол өнөрчүлөр келип, бир жагынан туризмдин өнүгүүсүнө да шарт түзүп келебиз. Бул жылы биринчи жолу кышында караколдуктардын суранычы боюнча фестиваль өткөрүп жатабыз. Негизги катышуучулар — элеттик кол өнөрчүлөр. Аларга жасаган буюмун туура баалоону үйрөтүүдөбүз. Себеби айыл жергесинен чыккан кол өнөрчүлөр эмгегин баалаганды билишпейт. Бухара, Фергана, Түркмөнстан жана Афганистандан дизайнерлер келишет. Андан тышкары, дунган элинин кол өнөрчүлөрү да саймасын, тез татымдарын жарманкеге алып чыгышат", — деди Чочунбаева.

Ал иш-чара беш күнгө созулуп, 12-январда жыйынтыкталарын кошумчалады.