Иранда кулаган учак: иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты

8-январь күнү эртең менен Тегерандын аэропортунан Киевге багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын самолету бир аз убакыттан кийин эле жерге кулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Тегеранда кырсыктаган Украинанын Boeing 737-800 учагы жерге жете электе эле күйүп баштаган. Бул тууралуу Ирандын жарандык авиациясынын отчетунда айтылат

"Учак абада эле өрттөнүп баштаган. Муну күбөлөр дагы айтышты. Алар кыйраган самолет абада күйүп жатканын көрүшкөн", — деп документте айтылат.

Иранда 176 жүргүнчүсү менен кыйраган учак. Украина бүгүн аза күтөт
Жарандык авиациядан билдиришкендей, лайнердин траекториясына караганда, учакта мүчүлүштүк байкалгандан кийин экипаж самолетту артка, аэропортту көздөй бурган. Бирок пилоттор көйгөй жаралганы тууралуу маалымат беришкен эмес.

Эскерте кетсек, 8-январь күнү эртең менен Тегерандын аэропортунан Киевге багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 самолету бир аз убакыттан кийин эле жерге кулаган. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирди.