Ханзаада Гарри менен жубайы Меган падышалыктагы ыйгарым укуктарынан баш тартты

Падышалык үй-бүлөнүн жогорку даражадагы мүчөлөрүнүн катарына ханыша, анын балдары жана уул баласынын уулдары — ханзаадалар Уильям, Гарри жубайлары менен кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктарынан баш тартууну чечишти. Бул тууралуу үй-бүлө өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Бир нече ай бою ойлонуп-толгонуп отуруп жаңырган жылдан тарта монархиянын ичиндеги ролубузду акырындык менен жаңылоону чечтик. Биз падышалык үй-бүлөнүн жогорку даражадагы мүчөлөрү макамынан четтеп, финансылык жактан көз карандысыз болууну көздөйбүз. Ошол эле учурда ханышаны толугу менен колдойбуз", — деп жазылган постто.

Ошондой эле билдирүүдө түгөйлөр Улуу Британия менен АКШда барып-келип жашай турганы айтылган.

"Убактыбызды АКШ менен Улуу Британияга бирдей арнагыбыз келет. Бирок ошол эле учурда ханышага карата милдеттерибизди аткарабыз. Эки жакта бирдей жашоо менен уулубузду ал төрөлгөн падышалык үй-бүлөнүн каада-салты менен тарбиялагыбыз келет. Ошол эле учурда биз жашообуздун жаңы барагы катары кайрымдуулук фондун ачууну максат кылуудабыз", — деп түшүндүрдү жубайлар.

Елизавета II келини Меган Марклга дагы эскертүү берди
Падышалык үй-бүлөнүн жогорку даражадагы мүчөлөрүнүн катарына ханыша, анын балдары жана уул баласынын уулдары — ханзаадалар Уильям, Гарри жубайлары менен кирет. Ханзаада Гарри менен жубайы Мегандын мындай чечими монархиянын кадыр-баркына бир топ таасир этиши мүмкүн экени айтылууда.

Ханзаада Гарри апасы ханбийке Диананын өлүмүнөн кийин өзүнүн жогорку даражасы жашоосун татаалдатып жибергенин былтыр мойнуна алган. Ал эми анын жубайы кош бойлуу кезинде ЖМКлар ар бир кадамын жаза берип, ден соолугуна терс таасирин тийгизип койгонун айтып чыккан.