Ошто дарыгерлер 8 айлык бөбөктүн тамагына тыгылган тыйынды алып чыкты

Окуя 2-январь күнү болгон. Наристе чөнтөктөн түшүп калган тыйынды жутуп алып, ал кызыл өңгөчүнө тыгылып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Чоң Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун медиктери сегиз айлык баланын тамагына туруп калган үч сомдук монетаны операциясыз алып чыгышты. Бул тууралуу аталган борбордун дарыгери Арстанбек Карыбеков билдирди.

Апа, сизди жакшы көрөм! Атырауда муз алдында калган балдарды куткарган видео
Маалыматка ылайык, окуя 2-январь күнү болгон. Саат 20.50лөр чамасында Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Карамык айылынын жашоочусу сегиз айлык уулун аталган ооруканага алып келген. Ал чөнтөктөн түшүп калган тыйынды жутуп алып, монета кызыл өңгөчүнө тыгылып калган. Дарыгерлер операциясыз үч сомдукту алып чыгышты.

Карыбековдун айтымында, учурда баланын абалы жакшы, үйүнө жиберилди.