Кайсы өлкөнүн паспорту күчтүү экени аныкталды. Кыргызстандын орду

Биздин документ 63 упай алып, бул позицияны Марокко жана Сьерра-Леоне менен бөлүшкөн. Биринчи орунда Япония (191 упай), акыркыда Афганистан (26 упай) турат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Henley&Partners деп аталган швейцариялык консалтинг ишканасы дүйнөдөгү "эң кымбат жана күчтүү" паспортторду аныктады. Бул рейтингде кыргыз паспорту 80-орунда турат.

Биздин документ 63 упай алып, бул позицияны Марокко жана Сьерра-Леоне менен бөлүшкөн. Биринчи орунда Япония (191 упай), акыркыда Афганистан (26 упай) турат.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасынан Казакстан 76 упай (67-орун) менен лидер болду. Андан кийин Кыргызстан, Тажикстан (84-орун), Өзбекстан (85-орун) жана Түркмөнстан (90-орун) жайгашкан.

Сап башындагы орундарга Япониядан тышкары Сингапур, Германия, Түштүк Корея, Финляндия, Италия, Дания, Люксембург жана Испания чыкты.

Тизмеде жалпысынан 199 өлкө бар. "Күчтүү" парспортту аныктоо үчүн Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциациянын маалыматтары колдонулган. Тагыраагы, кайсы өлкөнүн жарандары канча мамлекетке визасыз кирери же аны жеңилдетилген жол менен алары эске алынды.