Ирандын соккусунан канча адамдын каза тапканы айтылды

Буга чейин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирандын Press TV телеканалынын маалыматына караганда, Ирактагы АКШнын аскерий базасына урулган соккунун кесепетинен 80 адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ирандын Американын базасына каршы ракеталык соккусунан улам 80 адам набыт болду", — деп телеканалдын Twitter баракчасына жарыяланган.

Иран Американын Ирактагы аскерий базасына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы 4.20) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасаган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку урууга дайын экенин билдирди.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.