Министрлик: жогорку окуу жайларга болгон талап катуулайт

Республика аймагында ушу тапта 66 жогорку окуу жайы иштейт, анда 168 миңден ашуун студент билим алат. Эми университеттердин деңгээли түзүлгөн рейтингдин жыйынтыгы менен бааланмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы ачыла турган жогорку окуу жайларга лицензия берүүдөгү талаптар катуулайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, аккредитациялык комиссия менен да иштер жүрмөкчү.

"Жаңы окуу жайларга лицензия берүүдөгү талаптарды катуулатуу аракеттери жүрүп жатат. Мындан тышкары, көз карандысыз аккредитациялык комиссия деген бар, ЖОЖдордогу окуу программасы аккредитациялоодогу талаптарды күчөтүү боюнча сөз болот. Аккредитациядан өтпөгөн программалар жабылат да, абитуриенттер ал жакка тапшырбайт", — деди Өмүров.

Ал 2019-жылы өлкөдөгү мыкты жана начар окуу жайларды аныктоочу рейтинг түзүү боюнча программа ишке киргенин кошумчалады. Мунун жыйынтыгы менен университеттер программасын жакшыртууга умтулуп же таптакыр жабылышы керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушу тапта 66 жогорку окуу жайы бар, анда 168 миңден ашуун студент билим алат.