Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулеймани Багдадга жакын жерде аба майданда 3-январда Пентагондун бомбалоосунан курман болгон.
Генерал менен коштошуу Тегеран шаарында 6-январда болду.
Аны акыркы сапарга узатуу үчүн Ирандын көчөлөрүнө он миңдеген адам чыкты. Алардын көбү колуна плакат көтөрүп алып, "Америкага өлүм" деп кыйкырышты. Бул күндөрү расмий бийликтен да АКШнын дарегине агрессиялык билдирүүлөр айтылууда. Кененирээк төмөнкү видеодон көрсөңүз болот.