"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда. Сүрөттөр

Эртең менен жолдорго 295 тонна туз себилген. Муздарды чагып, карды тазалоого 37 атайын техника тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери калаадагы жолдорду, тротуар, аялдамалардын айланасын кар, муздан арылтууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Бир жумага карата аба ырайы
Билдирмеге ылайык, эртең менен жолдорго 295 тонна туз себилген. Тоңгон муздарды чагып, карды тазалоого 37 атайын техника тартылган.

Күндүз жана кечинде Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч, "Тазалыктын" 117 жүк ташыган кызматкери жана 100гө чукул таштанды чогулткан жумушчулары иштемекчи.

Тротуарлар дагы муз, кардан тынымсыз тазаланып турарын мэриядан эскертишти.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер жаралып калса, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

— Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;

— Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;

— Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;

— Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.