БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Германия ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн соң өзүнүн Ирактагы аскерлерин Кувейт менен Иорданияга жайгаштырып жаткандыгын DPA агенттигине шилтеме берип, РИА Новости жазды.
Иш-чаралар Багдад менен Тажиде иштеген аскерлерге тиешелүү экендиги белгилүү болду. Маалыматта алардын аталган өлкөдө Бундесвердин миссиясын улантуу максатында Ирактын өкмөтү менен байланышып, сүйлөшүп турганы айтылган.
"Албетте, биз суверендүү Ирактын чечимине урматтоо менен мамиле жасайбыз. Эгерде Ирак тарабынан керек деген ишарат болуп жана абал ылайык келсе, принципиалдуу түрдө эл аралык алкакта колдообузду көрсөткүбүз келет. Ал жакта жайгашкан (Багдад менен Тажи) аскерлер Иордания менен Кувейтке жайгаштырылат. Машыгуулар жаңыланганда (ирак аскерлеринин) алар кайтып келет", — деп кабарланган маалыматта.
Учурда Тажиде германиялык 27 инструктор иштээри, ал эми жалпысынан аталган өлкөдө 12 аскер кызматкери бар экендиги айтылды.
Буга чейин Ирак парламенти ирандык генерал Касем Сулеймани бомбалоодон каза болгондугуна байланыштуу, чет элдик аскерлерди өлкө аймагынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган.