БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik.Forbes журналы АКШ менен Канаданын келечектүү жаштарын тизмектеп, ага Кыргызстанда төрөлгөн Саид Абдуллаевди кошту.
Журналдын жыл сайын чыгарыла турчу рейтинги "30 Under 30" ("30 чейин 30") деп аталат. Катарга АКШ менен Канадада коом жана бизнес чөйрөсүндө ийгилик жараткан жаштар кирет.
Forbes 15 миң кишинин арасынан үч баскычта 600 лауреатты тандаган. Мыктыларды коомдун пикирин, журналисттердин позициясын жана эксперттердин баасын эске алуу менен аныкташкан. Уюштуруучулар 20 категория боюнча рейтинг түзүүдө адистер менен кеңешкени маалымдалат.
Тизмеге белгилүү хип-хоп аткаруучулар, ири банктардын вице-президенттери, киберспортчулар, оюндун иштеп чыгуучулары жана башка тармактагылар кирген.
Буга чейин дагы бир кыргызстандык жаш ишкер, "Азиянын эко азыктары" компаниясынын негиздөөчүсү Дастан Өмүралиев Forbes Asia журналынын Азия чөлкөмүндөгү келечегинен көптү үмүттөндүргөн 30 жашка чейинки ишкерлердин тизмесине кирген.