БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Улуу Британияда 159 сексуалдык кылмыш жасаган адамды сот өмүр бою эркинен ажыраткандыгын ВВС жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кылмыштардын ичинен 48 эркек кишини 136 жолу зордуктаганы аныкталган. Кылмышкер Лидса университетинде аспирантурада окуган, индонезия тектүү британиялык 36 жаштагы Рейнар Синага аттуу киши болгон. Анын аты 6-январда Манчестер Королдук сотунун өкүмү чыккандан кийин белгилүү болду.
Полиция ал түнкү клубдарда таанышкан адамдарды сыра ичүү үчүн үйүнө чакырарын, бирок ичимдикке баңгизат кошуп берип коёрун аныктаган. Коногу эсин жоготкондон кийин Синага болгон нерселердин баарын видеого тартып алып турган.
Мындан улам полиция Синаганын бери дегенде адамдарды 159 жолу зордуктаганын далилдеген. Прокуратура бул тарыхта бир адамдын жасаган эң көп сексуалдык кылмышы болгонун билдирди. Соттук процесс 1,5 жылда аяктаган.