Бишкекте үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон келин изделүүдө. Сүрөт

Анищенко үйдөн чыгып Воронцовка айылындагы курбусуна бармак, бирок кийин ал Токмок шаарына барууну пландаганы белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкекте 45 жаштагы Юлия Анищенко жоголуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын туугандары билдирди. 

Бишкекте үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон келин изделүүдө. Сүрөт

Юлия 2-январда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Учурда аны Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери менен ыктыярчылар издөөдө. Анищенко үйдөн чыгып Воронцовка айылындагы курбусуна бармак, бирок кийин ал Токмок шаарына барууну пландаганы белгилүү болду.

"Юлиянын бою анча узун эмес, келишимдүү аял. Аны көргөн адам 30 жаштан ашпаган келин деп ойлойт. Чачы кара жана кыска, эс тутуму жайында", — дешти жакындары.

Ал кара-көк түстөгү пальто, кара бут кийим, жинсы шым, кара свитер жана кара баш кийимчен болгон.