Австралиядагы өрттүн түтүнү Түштүк Америкага жетти. Спутниктен тартылган сүрөт

Токойдогу өрттүн кесепетинен миллиондогон гектар жер күйүп, жүз миңден ашык жаныбар кырылды. Тилсиз жоо бир нече адамдын да өмүрүн алган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Австралиянын токойлорунан чыккан ири өрттүн түтүнү Түштүк Американын Чили өлкөсүн да каптады. Бул туурасында Чилинин метеорологиялык кызматынан билдиришти.

Метеокызмат абанын агымы түтүндү Чили менен Аргентинага чейин алып келгенин билдирип, анын спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады.

Үй күйүп жатса, өрт өчүрүүчүлөр сүрөткө түшүп... АКШдагы окуя
​Түтүндү Чилинин дээрлик бардык түштүк жана борбордук аймактарынан көрүүгө болот.

Австралияда сентябрдан берки өрттөн миллиондогон гектар жер күйүп, миңдеген үйлөр жок болгон, ошондой эле жүз миңден ашык жаныбар өлгөн. Анын 8 миңи коала жаныбары. Тилсиз жоо 17 кишинин өмүрүн алган.

Өрттү массалык түрдө өчүрүү жүргүзүлүүдө.