Таластагы Үрмарал суусуна көпүрө курууга Япония 16,4 млн. доллар берет

Келишимге ылайык, гранттык каражатка көпүрө сала турган компанияны тандоо үчүн Япония өкмөтү тарабынан тендер өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Талас — Тараз унаа жолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна жаңысын куруу үчүн Япония 16 миллион 392 миң долларлык грант берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун долбоорду ратификациялоо жөнүндө кол койгон мыйзамында жазылган.

Бишкекте 6 көпүрө курулуп, дагы 60 көчө оңдолот
Өткөн жылдын 17-июлунда кыргыз өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан гранттык макулдашуу түзүлгөн. Ал мыйзам долбоору 5-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан да кабыл алынган.

Бул грантка Талас — Тараз автожолунун 82-чакырымындагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна жаңысын куруу пландалууда. Ошондой эле көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу каралган.

Келишимге ылайык, көпүрө сала турган компанияны япон тарап өзү тендер өткөрүп аныктайт.