Монголиянын президенти бардык пенсионерлердин кредитин төлөп бермей болду

Айрым маалыматтар боюнча, Монголияда пенсионерлердин саны 380 миңге чукулдайт, алардын жарымынан көбү насыя алган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга өлкөдөгү бардык пенсионерлердин кредитин төлөп берүүнү убадалады. Бул туурасында ал жаңы жылдык куттуктоосунда билдиргени өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланган. 

Айрым маалыматтар боюнча, Монголияда пенсионерлердин саны 380 миңдин тегерегинде. Алардын жарымынан көбү банктардан насыя алган.

"Мен бүгүн Улуттук коопсуздук кеңешинин чечимин кубануу менен жарыялайм. Алар Монголиянын өсүп-өнүгүшүнө өмүрүн арнаган өлкөнүн бардык пенсионерлерин карыздан кутултуп, экономикалык абалын жакшыртуу максатында кредитин толугу менен төлөп берүүгө макул болушту", — деп айткан Баттулга.

Быйыл Монголияда парламенттик шайлоо өтөт. Мындан улам президенттин билдирүүсүн шайлоонун алдында жасалган аракет катары баалагандар да болду.