Бажы кызматынын ишмердүүлүгүн ачыктоо максатында өткөрмө пункттарга видеодон сырткары адамдын үнүн да жаздырып калган камералар коюлган. Бул тууралуу Замирбек Карашев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мекеме бажы процесстерин толук кандуу электрондук системада жүргүзүүнү 2020-жылга пландаштырып жатат.
"Жалпысынан 12 өткөрмө пункт бар болсо, баарына 472 видеокөзөмөл орнотулду. Алар кыймыл-аракеттен сырткары үндү да жаздырып калат. Ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, алты өткөрмө пунктта инспекциялык тыкыр кароо комплекстери орнотулуп, иштөөгө даяр. Бул келишимге ылайык дагы бир бажы өткөрмөсү ушундай комплекс менен толук жабдылат. Мунун баары бажы иштеринин элге ачык болуусуна жана сапаттуу тейлөөгө шарт түзөт", — деди Карашев.
Аткаминер ошондой эле мекеменин иш кагаздарын жүгүртүү процесси да электрондошконун кошумчалады.