Шавкат Мирзиёев абройлуу эл аралык сыйлыкка татыды

Калыстар президенттин Өзбекстандын эле эмес, жалпы Борбордук Азия чөлкөмүнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Түрк дүйнөсүнүн кайра жаралуусуна кошкон салымы үчүн" эл аралык сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Сыйлык жөнүндө Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар, интеллектуалдар жана искусство чеберлеринин фонду (Türk Dünyası Yazarlar ve Sanatçılar Vakfı – TÜRKSAV) өткөргөн атайын маалымат жыйында айтылган.

Назарбаев биринчи жолу эл алдына Токаев таккан орден менен чыкты. Сүрөт
Чечимди калыстар тобу бир добуштан кабыл алганы белгиленет. Калыстар Мирзиёевдин жетекчилиги алдында ар кайсы жаатта жасалган реформаларга жогорку баасын беришкен.

TÜRKSAV жетекчиси Яхё Энгин Мирзиёевге терең урматын, чын дилден чыккан куттуктоосун билдирип, Өзбекстан, Борбордук Азия, Түркия жана жалпы Түрк дүйнөсү үчүн жасаган эмгегин баалады.

Сыйлоо аземи Анкарада май айында өтмөкчү.

TÜRKSAV — Түркиянын демилгеси менен 1996-жылы негизделген бейөкмөт уюм. Максаты - коомчулуктун көңүлүн Түрк дүйнөсүнүн айтылуу инсандарынын ишмердүүлүгүнө буруу болуп саналат.