Дарыгер кышкы депрессиядан арылуунун жолун айтып берди

Адис лыжа тебүү, муз үстүндө бийлөө сыяктуу кышкы спорттун түрлөрү менен алектенүүнү сунуштаган. Ошол эле убакта ашыкча машыгуу кортизол гормонун көбөйтүп жиберерин эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кышында паркты бойлой чуркоо стресс менен депрессиядан арылууга жардам берет. Бул туурасында "Известия" Москванын саламаттыкты сактоо департаментинин спорттук медицина боюнча уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн жетекчиси Игорь Иусовго шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, күн жылуу маалда сейил бакта чуркап D витамининин жетишсиздигин толтурууга болот. Ал эми жаратылышка чыгуу жалпысынан маанайды көтөрүп, стресстен арылтат. Мындан тышкары, таза абада машыгуу оорулардан оолак кылат.

"Көнүгүүлөрдү жасоодо адреналин менен серотонин гормону көбөйүп, кан жүгүрүп, организмге кычкылтек жетет", — деген адис.

Иусов мындан тышкары, лыжа тебүү, муз үстүндө бийлөө боюнча кышкы спорттун түрлөрү менен алектенүүнү сунуштаган. Дарыгер эгер D витамини жетишпесе адам чарчап, көңүлү чөгөрүн айткан.