Тоңдургуч, уксус, колготки... Майрамдан ашкан азыкты сактоонун жолдору

Салаттарды сактоонун жакшы жолу — дароо туздап, мурч кошуп, аралаштырбоо керек. Тамакты дасторконго коёрдун алдында татымдарды кошуу сунушталат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Майрам күндөрү ашып калган тамак-ашты сактоонун жол-жобосу тууралуу Sputnik радиосу жазды.

Кеңештердин тизмеси:

1. Муздаткыч. Жашылчаларды теркадан өткөрүп же керектүү формада кесип туруп муздаткычтын эң муздак бөлүгүнө салуу керек. Мөмө-жемиштерди дагы ар кандай кылып кесип же бүтүн бойдон сактоого болот. Ал эми көк чөптөрдү майда туурап, баштыкка салып тоңдуруп койсо көпкө сакталат.

Адистер жаңы жылдык салаттар канча убакыт сакталарын айтып берди
Эт, балык жана деңиз азыктарын бөлүккө бөлүп тоңдуруу сунушталат. Даяр тамактарды контейнерге же баштыкка салып, бир нече саат муздаткычка, андан кийин тоңдургучка салуу зарыл.

2. Азыкты сактоонун дагы бир ыкмасы — уксус колдонуу. Мөмө-жемиштер муздаткычка көпкө тура берип көгөрүп кетпеши үчүн алманын уксусуна аралашкан сууга аз убакытка салуу керек. Ошондой эле уксус аралашмасы менен тооктун этин сүртүп койсо көпкө сакталат.

3. Чоң эненин ыкмасы... Пияз капрон колготкиде жакшы сакталат. Аны алма менен чогуу сактоо сунушталат. Жемиш менен жашылчаларды муздаткычка полиэтилен баштыгы менен салган туура эмес.

4. Салаттарды сактоонун жакшы жолу — дароо туздап, мурч кошуп, аралаштырбоо керек. Татымдарды салатты дасторконго коёрдун алдында кошуу сунушталат.