Радио

Мурзаев: футболчу болом деп ойлогон эмесмин

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, "Дордой" футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев жети жашынан футболго кызыгуусу башталганын айтты.
Sputnik
Мурзаев: футболчу болом деп ойлогон эмесмин

Алгач профессионал спортчу болом деген оюм жок болчу. Сабактан качып, "Манас" стадионуна барып ойноп жүргөн маалда машыктыруучу байкап калып, "футболчу болосуңбу" десе "жок" деп кетип калганым эсимде. Бул тууралуу Мирлан Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алгач күрөш, бокс менен да алектенген.

"Бир жолу классташтарым менен баягы стадиондо футбол ойноп калдык, ошондо машыктыруучу чакырып, "жакшы ойнойт экенсиң футболчу болосуңбу? Мен сага форма берем" десе, момпосуй бергендей эле кызыгып, ошол бойдон футболго кирип кеттим. Машыктыруучу Анарбек Дарданович жаш курама команда чогулткан. Өзбекстан, Индия, Казакстан мамлекеттерине барып ойноп жүрдүк. Ошондо Жезказганга барып 16:1 эсеби менен атаандашыбызды жеңип, биринчи орунду алып келгенбиз. Кийин 16 жашымда "Дордойдун" экинчи клубу "Мурас-Спортто" ойноп баштагам. Бир жолу "Дордойго" каршы ойноп калдык, алар утса чемпион болушмак. Мен бир гол киргизип эсеп теңелди. Тыныгууда тренерлер "Мирлан, эмне кылып жатасың, бул бир клуб, "Дордой" жеңиши керек" деген сөздөрдү айтышты. Ошентип жеңилип калганбыз. Кийин чоң клубга кеттим", — деди Мурзаев.

Футболчу 17 жашында сыртка чакыруу алганын, алгач Локомотивде, Израилде, кийин Түркияга барып беш жыл ойноп келгенин кошумчалады.