БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кой-Таш айылындагы окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштин фигуранттарынын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Камакка алынган мүлктүн тизмеси жарыяланган жок. Бирок мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева 30-декабрдагы соттун чечими боюнча анын батири, ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын үйү камакка алынганын айтты.
Жолдубаеванын айтымында, ЖК депутаты Асел Кодуранованын мүлкү камакка алынган-алынбаганы азырынча белгисиз.
Жолдубаева, Карамушкина жана Кодуранова үй камагында, ал эми Мискенбаев менен Жээнбеков тергөө абагында жатат. Алар адамдарды барымтага алууга, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.
Кой-Таш окуясы
Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция уюштурулуп, УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү анын Кой-Таштагы үйүнө барган. Бирок мурунку президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Эртеси ИИМдин аракети менен Атамбаев багынып берген.
Мурунку президент УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, бир топ тарапташы да кармалган.
Кой-Таш окуясынан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылган.