Туура жаза аларыбызды текшеребиз. Тест

Азыркы учурда катасыз жазгандарды жолуктурсаң кадимкидей сүйүнөсүң. Буга социалдык тармактагы "а" дегенде эле алты ката кеткен посттор, пикирлер күбө.
Sputnik

Эгерде тамга түшүп же кошулуп калса, кандай маани берери баарыбызга түшүнүктүү. Дегеле сабатсыз жазылган тексттер окуган кишиге жагымсыз абал жаратат. Андыктан пост жазып жатканда жарыялаганга шашпай, туура жазылдыбы деп абай салып коюш ашыктык кылбайт.

Ал эми Sputnik Кыргызстан төмөндө катасыз жазуу боюнча кезектеги тестин сунуштайт.

 

Биздин сайтта эң бир сонун, кызыктуу, андан сырткары, тамаша аралашкан тесттер бар.

Эгерде макалдар боюнча тесттен өтөм десеңиз, ал даяр.

Мага табышмак боюнча тест керек десеңиз, ал мүдөөңүздү да аткарабыз.

Буга чейин укпаган сөздөр боюнча тест керек, өтүп билимимди текшерем десеңиз, аны да аткарабыз.

Баса, Facebook тармагындагы "Кызыгы көп кыргыз тил" деп аталган баракчага кирип, 100гө чукул тесттерден өтсөңүз болот.