Сноубордисттин айласын кетирген керең куштун видеосу Кемеров облусундагы Зеленая тоосунда тартылган. Сноуборд тепкен Игорь Попелюх ылдыйды көздөй катуу ылдамдыкта баратып, токойдо жашаган кушту тебелеп кете жаздаган. Андан соң таштак жерге барып кулаган. Буга ачуусу келген канаттуу аны коюп кете жаздаган кишиге кол салууга аракет кылган. Видеодо эс алуучу колундагы сноуборду менен тап берип, андан соң качканын көрүүгө болот.