CNN Кыргызстанды 2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу өлкөлөрдүн катарына кошту

Телеканал Кыргызстанды Орто Азиянын бермети атаган. Басылма Ысык-Көлдүн каньондорун Американыкы менен салыштырып, бийик тоолорун Альп тоолоруна теңеген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Американын CNN Travel телеканалы туристтер 2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу дүйнөдөгү 20 жерди тизмектеген. Рейтингде Кыргызстан дагы бар.

CNN телеканалынын версиясы боюнча, Кыргызстан — Орто Азиянын бермети.

"Ысык-Көлдүн каньондорду Американыкынан кем калбайт. Ак карлуу бийик тоолорун Альп тоолоруна теңесе болот. Кышкысын Караколдо лыжа тепкен жакшы. Жайында болсо Тянь-Шань тоолорунда ат минип, жөө басуу өзүнчө ырахат", — деп жазылат маалыматта.

2020-жылы туристтер үчүн эң кооптуу делген өлкөлөр аталды
2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу аймактардын катарында Чилидеги Конгуиллио улуттук паркы жана Монте-Верде археологиялык эстелиги да кирген.

Телеканал Даниянын борбору Копенгагенди эң бактылуу борбор деп атаган. Рейтингде Израилдеги Иерусалим жана Жансыз деңиз, Доминика чыгыш Кариб аралы, дайвинг боюнча атагы чыккан Эстония кирген.