Дүйнөдөгү эң коопсуз авиакомпаниялардын рейтинги жарыяланды

Тизменин сап башына австралиялык Qantas компаниясы чыккан. Ал биринчилерден болуп лайнерлеринин кыймылдаткычын спутник аркылуу көзөмөлдөөгө өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik.AirlineRatings порталы эң коопсуз делген авиакомпанияларды тизмектеди. 

Маалыматка ылайык, 20 мыкты авиакомпанияны тизмектөөдө алардын аварияга жана олуттуу окуяларга кабылбаганы тууралуу маалыматтар, лайнердин чыккан жылы, кирешеси, ар кандай текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жана башка параметрлер каралган.

Кыргызстандын балатысы КМШдагы мыкты ондуктун катарына кирди
Тизменин сап башына австралиялык жүргүнчү ташуучу компания Qantas чыккан. Адистер анын 99 жылдык тарыхында ири тажрыйбага ээ болгондугун белгилешкен. Компания биринчилерден болуп лайнерлеринин кыймылдаткычын спутник аркылуу көзөмөлдөөгө өткөн. Андан тышкары, ишкана аэронавигациялык системаны иштеп чыккан.

Ошондой эле коопсуз авиакомпаниялардын алдыңкы бештигине Air New Zealand (Жаңы Зеландия), EVA Air (Тайвань), Etihad (БАЭ) жана Qatar Airways (Катар) кирген.

Порталда коопсуз лоукостерлердин (бюджети азыраак компания — ред.) дагы тизмеси түзүлгөн. Алдыңкы ондукка аравиялык Air Arabia, британиялык Flybe, америкалык Frontier жана Jetblue, гонконгдук HK Express, индиялык IndiGo, мексикалык Volaris, испаниялык Vueling, канадалык Westjet жана венгриялык Wizz кирген.