Жумага карата аба ырайы

3-январда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жума күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар,  ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас , Ош жана Жалал-Абад, Баткен облустарында +2 ... +7, Ысык-Көлдө +1 ... +6 градус, ал эми Нарын аймагында -2 ... -7 градус болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп,  абанын температурасы +5 ... +7 градуска чейин көтөрүлөт.