Россиялык спортчу каршылашын жеңип бир миллион долларга ээ болду. Видео

Исаев беттештин 4-раундунда партерде каршылашы жыгылып калганда бир нече жолу ургулап,  рефери аны техникалык нокаут деп тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Аралаш мушташ (ММА) боюнча россиялык мушкер Али Исаев америкалык Жаред Рошольтти нокаутка кетирди. Бул тууралуу маалымат промоушендин Twitter-аккаунтунда кабарланды.

​Эки спортчунун беттешинин чечүүчү ирмемин уюштуруучулар Twitter-аккаунтуна жарыялады. Мелдеш 1-январь күнү Professional Fighting League (PFL) турниринин алкагында өттү.

"Али Исаевдин партердеги күчтүү соккулары ага жеңиш алып келди. PFL чемпиону бул сезондо утулбас болду", — деп жазылган видеонун алдында.

Исаев 1-январда өзүнүн карьерасындагы тогузунчу жеңишине жетти. Ал 4-раундда партерде каршылашын бир нече жолу ургулап жиберип, рефери аны техникалык нокаут деп тапкан. Жыйынтыгында россиялык 36 жаштагы мушкер чемпиондук титулга ээ болуп, бир миллион доллар акчалай сыйлык алды.