Россия: 100 рублге билет алган киши миллиард рубль утуп алды

Россиянын мамлекеттик лотереясынын тарыхында бул жеңиш рекорддук сумма болду. Аты-жөнү айтылбаган бактылуу жеңүүчү билетти 100 рублге сатып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Москвалык тургун лотереядан бир миллиард рубль утуп алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Столотого" шилтеме кылып жазды.

Бул жеңиш Россиянын мамлекеттик лотереясынын тарыхында рекорддук сумма болду. Аты-жөнү айтылбаган бактылуу жеңүүчү билетти 100 рублге сатып алган. Ал өзүнүн утушун алуу үчүн борбордук лотерея борборуна келиши керек. "Столотодогулар" жакында жеңүүчү өзү келип, акчасын эмнеге короторун айта тургандыгын күтүүдө.

"Аталган суммадан 13 пайыз киреше салыгы алынат. Ал үчүн акчанын ээси тынчсызданбашы керек, себеби утуштун салыгы алынып, дароо эле жеңүүчүгө тапшырылат", — деп уюштуруучулар билдиришти.

Майрамдык оюнда жалпы 53,6 миллион билет ойнотулган.