Радио

Маткеримова: Кыргызгидромет берген маалыматтардын 75-95 пайызы туура болот

Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылбүбү Маткеримова өлкө аймагы боюнча аба ырайы тууралуу маалыматты бир гана ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык агенттик берерин айтты.
Sputnik
Маткеримова: Кыргызгидромет берген маалыматтардын 75-95 пайызы туура болот

Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу берген болжолдуу маалыматтары 75 пайыздан 95 пайызга чейин туура чыгат. Бул тууралуу Асылбүбү Маткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, агенттик алдыдагы бир жумага божомолдонгон аба ырайынын беш күнү тууралуу 95 пайызга чейин так маалымат берсе, калган эки күнү консультативдик аба ырайы деп аталат.

"Өлкө боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берген мамлекеттик бир эле мекеме бар. Ал ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык агенттик. Кыргызгидромет республикадагы аба ырайын бир жумага алдын ала даярдайт. Билдирмеде беш күндүк аба ырайы 95 пайызга чейин так болжолдонсо, калган эки күн кеңеш иретинде берилет. Маалыматтарды өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан стационардык жана автоматтык метеостанциялардан чогултабыз. Ал жактан билдирүүлөр үч саат сайын келип турат. Ар бир маалыматка тийиштүү анализдерди жүргүзөбүз жана анын жыйынтыгы менен өлкө аймагы боюнча бир жуманын алдын ала аба ырайы чыгарылат", — деди Маткеримова.

Синоптик "Манас" эл аралык аба майданында өзүнчө метеоболжолдоолор бөлүмү бар экенин жана ал жактан учактардын каттоо мөөнөтүнө жараша өзүнчө аба ырайынын болжолдору түзүлүп турарын кошумчалады.