Эх, балет, балет! Ийилген, чимирилген, керилген бийчилерден 18 ирмем

Sputnik

Көрүүчүлөр театрга келгенде иштелип, даярдалган эмгектердин жыйындысын, акыркы вариантын көрөт. Көшөгө ачылып, элге даяр продукцияны тартуулаганга чейин бир топ машакат менен түйшүктүү учурлар артисттердин, режиссёрлордун, хореографтардын өзүнө гана маалым. Ар бир балеттин, спектаклдин артында тер төккөн эмгек, ондогон, жыйырмалаган, ал тургай жүздөгөн кишилердин мээнети жатат.

Биз сунуштаган ар бир сүрөттө ошол адамдардын биргелешкен эмгегинен жаралган даяр чыгарманы, мээнетти көрүүгө болот.

Sputnik сүрөтчүсү кызыктуу, башкача жана суктандыра турган ирмемдерди кармаганга аракет кылган.

1 / 18
ТАО (Пекин) бий театрынын артисттери Россияда Антон Чехов атындагы театралдык эл аралык фестивалда өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатат
2 / 18
Н. Сац атындагы театрдын балет артисти Павел Окуневдин "Петрушка" балетинде бийлеп жаткан учуру. Мамлекеттик Кремль сарайы
3 / 18
Жаш музыканттардын "Созвездие" сынагы учурунан бир көрүнүш. Сочи шаары
4 / 18
Россиялык бийчи Сергей Полунин "Распутин" балетинде башкы каарман Распутиндин ролунда
5 / 18
Улам жаңыланган искусство. Италиялык NoGravity театрынын балет бийчилери "Леонардо" спектаклин коюп жатышат. Москва шаары
6 / 18
Атактуу "Ак куу көлү". Новосибирск балет театрынын артисттери репетиция учурунда. Чоң театр, Москва шаары
7 / 18
Балет... балет. Кандай кооз, кандай сонун ирмем. Москва хореографиялык училищесинин бийчиси Милина Фидан "Орус балети" деп аталган бүткүл россиялык IV сынакта
8 / 18
Виктор да Силва (Португалия) менен Анна Мельникова (Россия) кесипкөйлөр арасындагы латынамерикалык бийлердин чемпионатындагы шоуда бийлеп жатат. Мамлекеттик Кремль сарайы, Москва шаары
9 / 18
Италиялык NoGravity театрынын балет бийчилери "Леонардо" спектаклин коюп жатышат. Башкача ыкма, башкача бий
10 / 18
Кармен! Бийчи Савако Исэги чеберчилиги менен "Кармен" спектаклин көркүнө чыгарды. Москва шаарындагы өткөн фестивалдан алынган сүрөт
11 / 18
Tumen Ekh ырлар жана бийлер фестивалынан бир көрүнүш
12 / 18
Кирилл Радев "Жан дүйнө жанчылганда" деп аталган номерди жаш хореографтардын кечесинде көрсөтүп жатат. Москва шаары
13 / 18
"Жизелди" сахнага алып чыккан бийчилер. Антон Чехов атындагы театралдык эл аралык фестивалдан бир көрүнүш
14 / 18
Бийчи Александра Иосифиди "Весна священная" балетинде. Мамлекеттик Кремль сарайы, Москва шаары
15 / 18
Москвадагы Чоң театрдын сахнасында коюлуп жаткан, Италия хореографы Мауро Бигонцеттинин "Камгактай жеңил" (дагы бир аталышы — "Progetto Händel") балетинен бир көрүнүш. Бул атактуу бийчи Светлана Захарованын жаңы программасынын алкагында тартууланды.
16 / 18
"Астана Опера" мамлекеттик опера жана балет театрынын артисттери Бахтияр Адамжан менен Анастасия Заклинскаянын "Шахеразада" балетинде ойноп жаткан учуру. Мамлекеттик Кремль сарайы, Москва шаары
17 / 18
"Жаш хореографтардын кечесинде" көрсөтүлүп жаткан номер. Москва шаары
18 / 18
Светлана Захарова (Габриэль Шанель) бир актылуу Gabrielle CHANEL балетинде. Атактуу бийчи Светлана Захарованын жаңы программасын көрсөтүп жаткан учурунан алынган ирмем. Анда мода ханышасы Коко Шанелдин чыгармачылыгы жана өмүрү туурасында кеңири баяндалат.